Редакцияот 01.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Могол айылдык кеңешинин III чакырылышынын VII сессиясы

 

2013-жылдын 1-апрели № 9

Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринин картасы түзүлгөндө коӊушулаш Талды-Суу айыл өкмөтү менен алмашып калган жайыт жерлерин калыбына келтирүү жөнүндө

Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринин картасы түзүлгөндө коӊушулаш Талды-Суу айыл өкмөтү менен алмашып калган жайыт жерлерин калыбына келтирүү боюнча

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринин картасын түзүлгөн коншулаш Талды-Суу айыл өкмөтүнүн туура эмес тартылып калган же кирип кеткен Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жерлерин кайтарып Сары-Моголго карта боюнча берүү жагы АТЛАС ПЛЮС уюмунан суралсын.

2.  Сары-Могол айыл өкмөтүнүн карамагына кирген Талды-Суу айыл өкмөтү жайыт жерлери кайтарылып Талды-Суу айыл өкмөтүнө берүү (карта боюнча) АТЛАС ПЛЮС уюмунан суралсын.

 

Төрага

 

А.Нишанов