Редакцияот 30.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы

2018-жылдын 06-июлу № 1

Жайыт комитети чогулткан жайыт салыгынын 3\1 бөлүгүн бөлүштүрүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Т.Малабековдун жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Керимкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитети тарабынан чогулткан жайыт салыгынын 3\1 бөлүгүн “Аксыдан чыккан Жеңижок, Айтышаарга теңи жок” аттуу Республикалык деңгээлде өтүүчү “Айтыш-2018” айтышына бөлүнсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Жаркынбаев