Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги XXXV сессия
2016-жылдын 14-июлу № 5
Жалал-Абад шаарынын 03.09.2015-жылдагы кезектеги XXV-сессиясынын №12-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 08.07.2015-жылдагы чыгыш №06-02/1606-каттын жана Жалал-Абад шаарынын мэринин баяндамасынын негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 03.09.2015-жылдагы кезектеги XXV-сессиясынын №12-токтомунун 1-пунктунун 7-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү №8 дарегинде жайгашкан аянты 33198 м2 жер участогун жана анда турган турак-жай эмес жайларды Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын».
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жеткирүү жагы жана бул маселе боюнча натыйжалуу иш алып бару жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |