Редакцияот 26.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

2018-жылдын 26-июну № 90/19-7

«Кара-Көл шаардык кеңешинин 18.01.2018-жылдагы № 62/13-7 токтому менен бекитилген Кара-Көл шаардык кеңешинин 2018 -жылга карата иш планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунушунун негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 18.01.2018-жылдагы № 62/13-7 токтому менен бекитилген Кара-Көл шаардык кеңешинин 2018-жылга карата иш планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 18.01.2018-жылдагы № 62/13-7 токтому менен бекитилген Кара-Көл шаардык кеңешинин 2018-жылга карата иш планынын 11-14 пункттарына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 - 11-14 -пункттардагы мөөнөтү деген графадагы “II” деген рим цифрасы “III” деген рим цифрасына алмаштырылсын.

 

Төрага

К.Д.Батыркулов