Редакцияот 28.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын кезексиз 28- сессиясы

2016-жылдын 28-январы № 28-3

Өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын Жерге-Тал айыл аймагында социалдык обектилерге таштандыларды салуу үчүн контейнерлерди жана өрт өчүрүүчү щиттерди алуу жөнүндө долбоорун угуп жана талкуулап,сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагында социалдык обөектилерге таштандыларды салуу үчүн контейнерлерди жана өрт өчүрүүчү щиттерди алуу жөнүндө долбоорун колдоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 28000-00 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул долбоорду уюштуруу,иш кагаздарын,отчет-учет иштерин жүргүзүү Ж.Алимбековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айылдык кенештин бюджет жана экономика,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Муратбеков