Редакцияот 18.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын кезексиз 29- сессиясы

2016-жылдын 18-февралы № 29-1

Айыл өкмөт башчысынын 2016-жылга карата аткарган иштери тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө

Жерге-Тал айыл аймагынын башчысы З.Көпөеванын 2015-жыл үчүн түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы тууралуу отчетун угуп жана талкуулап, сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл өкмөт башчысы Көпөева Зулайканын 2015-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы боюнча аткарылган иштери «канааттандырарлык» деп баалансын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А.Муратбеков