Редакцияот 27.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ХХУ11-чакырылышынын 16-сессиясы

2018-жылдын 27-апрели № 10

«Эски Кочкор-Ата айылына айыл Өкмөтүнүн муниципалдык жерине салынган мечитти 0,06 сотых жер аянты менен бекитип берүү жөнүндө”

Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарынын жазган арызынын негизинде эски Кочкор-Ата айылына айыл Өкмөтүнүн муниципалдык жерине салынган мечитти 0,06 сотых жер аянты менен бекитип берүү жөнүндөгү жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 16-сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.

2. Эски Кочкор-Ата айылына айыл Өкмөтүнүн муниципалдык жерине салынган мечит 0,06 сотых жер аянты менен бекитилип берилсин.

3. Мечитке тиешелүү иш кагаздарынын каражаттарын каржылоо менен толугу менен документтештирүү жагы эски Кочкор-Ата айылынын тургуну Б Суеркуловго жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелери боюнчатуруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Стамбаев