Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-февралы № 2
Ак-Жол айылдык Кеңешинин жаңы регламенти жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I- сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси болгон Айылдык Кеңештин жаңы регламенти жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жаңыдан кабыл алган регламенти бекитилсин .
2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жаңыдан кабыл алган регламенти тиркемеси менен Ак-жол айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине ,расмий веб.сайтына жарыялансын.
3. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жаңыдан кабыл алган регламентти тиркемеси менен расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |
| Бекитилди Ак-Жол айылдык Кеңешинин 3-февраль 2017-жыл. № 2 токтому менен тиркеме №1 |
Бул Регламент Ак-Жол айылдык кеңешинин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынжанабашкаченемдикукуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
1.1 Ак-Жол айылдык Кеңеши (мындан ары-айылдык кеңеш) жашыруундобуш берүү менен жалпы тен жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунуншайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары,
ушул Устав менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарынаөздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кеңештин ишининнегизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук , коллегиялдуулук, объективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.5.Айылдык кеӊеш өз иш милдеттерин аткарууну мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы айылдык кеңештин биринчи өткөрүлгөн күнү токтотот.
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер.