Редакцияот 30.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2018-жылдын 30-июлу № 100

Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди максаттуу пайдалануу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги №85-токтомунун негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы 300 (үч жүз) га жайыт жерлерин жерлердин калктуу конуштар категориясына жана 100 (жүз) га жайыт жерин жерлердин баалуулугу кыйла баалуу түрлөрүнө которууга макулдук берилгендиктен аталган жерлерге трансформациялоо жумуштарын бүтүргөнгө чейин башка жерлерди которуу жагы токтотулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

А.Пирматов