Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

3-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

2016-жылдын 19-февралы № 4/1

Сары-Могол айылынын 70 жылдык Мааракесин өткөрүү жөнүндө

Сары-Моголайыл өкмөтүнүнбашчысы А.Курмушуевдин Баяндамасындагы Сары-Могол айылынын 70 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндөгүү жалпы элдик жыйындын 15-январь 2016-жылкы № 1 токтомунун негизинде Сары-Моголайылдык кеңештин депутаттары талкуулап төмөнкүчө.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алай районуна караштуу Сары-Могол айылынын 70 жылдык маараксин өткөрүү боюнча Сары-Могол айылдык Кеңеши тарабынан макулдук берилсин.

2. Сары-Могол айылынын 70 жылдык маараксин өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн2016-жылдагы жергиликтүүбюджетинен акча каражаты каралсын.

3. Сары-Могол айылынын 70 жылдык маараксин өткөрүү Алай райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевке жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Нишанов