Редакцияот 12.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынынXXV кезексиз сессиясы

2016-жылдын 12-октябры № 6

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагындагы 600,0 чарчы метр жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Көкөлөпаш айылындагы Далиев Давронбек Комиловичтин менчигиндеги 600,0 чарчы метр жер аянты тамеки комлпекси болуп турган аянтын турак-жай куруу үчүн жердин багыты өзгөртүлсүн.

2. Чек-Абад айыл өкмөтүнө 600,0 чарчы метр жер аянтын багыты өзгөргөндүгүнө байланыштуу салык төлөмүн мыйзам чегинде кайра эсептөө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абад айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Ж.Нурматов