САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
III –чакырылышынын III -отуруму
2014-жылдын 09-апрели № 7
Кыргыз Республикасынын айыл-чарба жана меларация министиринин Сары-Могол айылдык кеңешине жолдогон 25.03.2014-жылкы катынын негизинде жана Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургундарынын суроо талаптары боюнча жана пенсия жашына жетип жер маселеси боюнча пенсияга чыга албай жатышкан жүздөн ашык адамдардын арзын карап жана талкуулап айыл тургундарынын жашоо шарттарын эске алып 14854 га жерди үлүшкө бөлүп берүү боюнча Сары-Могол айылдык кеңеши төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү 2004-жылы 14854 га Гос фондун жерине чегерилип калган жер кайтарылып Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургундарына “үлүшкө” жер катары бөлүп берүү үчүн КРнын жогорку кеңешине макулдук берип токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
- Бөлүнгөн үлүш жердин негизинде пенсия жашына жеткен жарандарыбызды пенсияга чыгаруу жагын КРнын соц фондунан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Нишанов |