Редакцияот 22.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

5-чакырылышынын кезексиз 18- отуруму

2018-жылдын 22-майы № 18/5

 Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Кара-Шоро айылынын атуулдарынын коопсуздугун сактоо үчүн суроо талаптарын аткаруу боюнча асвалть жолго барель коюу жөнүндө

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Кара-Шоро айылынын атуулдарынын  коопсуздугун сактоо үчүн суроо талаптарын аткаруу боюнча асвальт жолго барель  айылдын үч жерине коюу райондук ДЭП ишканасынан суралсын.

2. Кара-Шоро айылынын атуулдарынын коопсуздугун сактоо үчүн асвальт жолго барель  койдуруу айылдын айыл башчысы А.Муратовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

С.Жээналиев