Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезексиз 18- отуруму
2018-жылдын 19-сентябры № 19/5
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» »Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып талкуулап Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысына жүктөтүлсүн.
Төрага | С.Жээналиев |