Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезексиз 19- отуруму
2018-жылдын 19-сентябры №19/6
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү 2018- 2022-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 2 бөлүмүнө ылайык
Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү 2018- 2022-жылдарга карата планын бекитилсин.
2. Түзүлгөн пландын негизинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жайыт боюнча комитетин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Жээналиев |
Конур-Добо айыл аймагынын
жергиликтүү кеңешинин
депутаттарынын сессиясында
201__жылдын “____” _____________
«Бекитилген»
_______________________
МО
Кыргыз РеспубликаСЫ, ош облУсУ
алай районУ, Конур-Добо айыл аймаГЫ
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА
ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
2018-2022-ЖЫЛДАРГА КАРАТА
ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ ПЛАНЫ
2018-ЖЫЛГА
Боз-Караган
2018ж.
МАЗМУНУ
1. КИРИШҮҮ. 1
2. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ.. 2
2.1. Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы... 2
2.2. Жер ресурстары... 3
2.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат 3
2.4. Айыл аймагы боюнча жайыттардын кыскача мүнөздөмөсү жана инфраструктурасы 5
3. МАЛДАРДЫН САНЫ, АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ... 7
3.1. Быйылкы жылга шарттуу малдын башы... 7
3.2. 2018-2022-жылдарга карата болжолдуу шарттуу малдын башы... 7
3.3. Быйылкы жылга жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык 8
4. БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТ ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРДЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ТОЮТ БАЛАНСЫ... 9
4.1. Жайыттардагы жана мал жайылуучу участоктордогу тоюттун көлөмү. 9
4.2. Даярдалуучу тоюттун көлөмү. 10
4.3. Тоют балансы... 11
5. КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖАЙЫТТАРДЫН АБАЛЫН БААЛОО ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО, ЖПБ МУКТАЖДЫКТАРЫ... 13
5.1. Климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен жайыттардын абалын баалоо анализи 13
5.2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башкаруу планы. Ошибка! Закладка не определена.
5.3. Фокус топтордун жыйынтыктарынын негизинде ЖПБнын муктаждыктарын баалоо анализи.. 15
6. 2018-2022-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ... 15
6.1. 2018 – 2022-жылдарга жайыттарды пайдалануу планы... 16
6.2. Бешжылдык иш-чаралардын планы жана бюджети.. 17
6.3. Малдардын эпизотикалык абалы жана ден соолугун коргоо боюнча орто мөөнөттүү беш жылдык планы... Ошибка! Закладка не определена.
6.4. Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча беш жылдык планы. 19
6.5. ЖБПЖПнын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча беш жылдык планы 20
7. ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ 24
7.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планы... 24
7.2. Мал жайуунун жылдык календардык планы... 26
7.3. Жылдык иш-чаралар графиги (ЖКнын операциондук планы) 28
7.4. Малдардын ден соолугун коргоо боюнча жылдык планы*. 30
7.5. Жылдык иш-чаралардын планы... 37
7.6. Жылдык бюджет. 38
7.7. ЖБПЖПнын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча жылдык планы 41
8. ЖПБ/ЖКнын ИЧКИ ЭРЕЖЕЛЕРИ.. 44
9. МАЛ ЖАЙУУ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК.. 45
10. ТИРКЕМЕЛЕР.. 46
ШАРТТУУ КЫСКАРТУУЛАР
АА | Айыл аймагы |
АӨ | Айыл өкмөтү |
АРИС | Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги |
КӨЖЫ | Климаттын өзгөрүүлөрүнө жараша ыңгайлашуу |
ВБ | Дүйнөлүк банк |
ВП | Ветеринардыкпалата |
МДСТ | Малдардын ден соолугун коргоо тобу |
ЖД | АЧТММ Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти |
ЖК ЖПБ | Жайыт комитети – ЖПБнын аткаруучу органы катары |
БМ | Бодо мал |
МБ | Мониторинг жана баалоо |
ЖӨБ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
ЖЖ | Жергиликтүү жамаат |
АЧТММ | КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ЧДТ | Чакан долбоордук тобу |
ЧДС | Чакан долбоордук сунуш |
КЭ | Кой-эчки |
СТФ | Сүт-товардык фермасы |
АӨЭФ ВФКМИРБ | Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын райондук башкармалыгы |
РАӨБ | Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы |
ЖӨБО | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
АДИБ | АЧТММга караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү |
ЖПБ | Жайыт пайдалануучулар бирикмеси |
МДК | Малдардын ден-соолугун коргоо |
МРӨД ЖБПЖП | Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы |
ЖМБЖД | Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоору |
ЖУП | Жасалма уруктандыруу пункту |
МДКП | Малдардын ден-соолугун коргоо планы |
КЗ | Кургак зат |
ШМБ | Шарттуу малдын башы |
ЖВА | Жеке ветеринардык адис
|
1. КИРИШҮҮ
Конур-Добо айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) Жайыт комитети тарабынан иштелип чыкканЖайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы (ЖБПЖП) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунда жайыт пайдалануучулар, айыл өкмөтү жана башка кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен 2018-2022 жылдардын мезгилине макулдашылган.
Кыргыз Республикасынын жайыттар боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, ЖБПЖП жергиликтүү кеңештин сессиясында да каралып чыгып, бекитилген жана Жайыт комитети менен жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча тийиштүү келишимдерди түзгөн бардык жайыт билетин алуучулар жана башка физикалык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы милдеттүү түрдө талап кылынат.
Пландын биринчи бөлүгүндө Конур-Добо айыл аймагынын географиялык жайгашышы, табигый-климаттык шарттары, калктуу конуштары (айылдары) жана калкы, жер ресурстары жөнүндө жалпы маалымат берилген.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, малдардын ден соолугун коргоо жана жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү жаатындагы жергиликтүү потенциалды күчөтүү боюнча беш жылдык жана жылдык пландар ЖБПЖПнын негизги бөлүгү болуп саналат.
Документтин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ЖБПЖПнын жүзөгө ашырылышына жана жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча кеңири план чагылдырылган.
Негизги пландын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген деталдуу чакан долбоордук сунуштар, айыл аймактын профайлы (паспорту), жайыт участокторунун абалына баа берүүнүн жыйынтыктары, ж.б.у.с. материалдар планга тиркелген.
Ушул ЖБПЖП келечектеги орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү көрүнүштө жалпысынан жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну, малдардын ден соолугун коргоону жана малды тоюттандырууну жакшыртуу аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жергиликтүү калктын кирешелерин көбөйтүүгө багытталган.
2. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
2.1. Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы
Конур-Добо айыл аймагынын териториясы мээлүүн жана субтропик алкактардын тутумдашкан тилкесинде жатат. Айыл аймагы баардык тарабынан тоолор менен курчалып, көпчүлүк бөлүгү деңиз деңгээлинен 1500-2500 м бийиктикте жайгашкандыктан климаты кескин континенттик жана кургак. Жайы мээлүүн жылуу,июлдун орточо айлык температурасы 20,8-25,2 С.Орточо суткалык температура 15 С тан ашкан жылуу мезгил 4,5-5 айга созулат. Кышы суук жана узак. Январь айынын орточо температурасы - 18,7 С, кыштоолор жайгашкан Боз-Караган өрөөнүндө -24,7-27,7 градуска чейин төмөн. Конур-Добо өрөөнүндө кыш 6-7 айга чейин созулат. климаттык шарты кескин континенталдык бийик тоолуу аймакка кирет: Жылдык жаан-чачындын өлчөмү дыйканчылык зоналарында 300-350 мм түзсө, тоолордо 400-450 мм түзөт.
Калктын жана түтүндөрдүн саны тууралуу маалымат
1-таблица
2-таблица
Иш чөйрөсү | 2018г. |
Мал чарбачылык | 82 |
Дыйканчылык | 10 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү (соода, ж.б.) | 8 |
БАРДЫГЫ: | 100% |