Редакцияот 11.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 11-марты № 83

Уч-Коргон айыл өкмөтү боюнча жаштар комитетине акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Уч-Коргон айылдык кеңешине айылдык аймак боюнча жаштар комитетинин төрагасы М.Уметалиевдин айылдык кеңештин депутаттарына айыл өкмөт боюнча жаштардын спортсмендердин бири-бирин таанып, бош убактыларын пайдалуу өткөрүү , жаштарды колдоо жана айылдар аралык мелдештерди өткөрүп келечекти спортсмендерди даярдоого түрткү берүү максатында каржы маселесин чечип берүү тууралуу кайрылуусун угуп, талкуулап Уч-Коргон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Уч-Коргон айылдык аймагы боюнча жаштар комитетине 28,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүштүрүү жагы каралсын.

2.  Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж. Шайназаровго убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго тапшырылсын.

 

Төрага

З.Курманалиев