Редакцияот 11.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 11-марты № 78

 Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Чоң-Капка айылындагы жаңы түшкөн көчөгө ат коюу жөнүндө

Үч-Коргон айылдык кеңешине айыл тургундарынан көчөгө ат коюу боюнча келип түшкөн арыздары жана элдик жыйындын протоколдору менен таанышып, талкууга салып айылдык кеңештин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чоң-Капка айылындагы жаңы түшкөн көчөнүн аты Исак уулу Сатканкул атындагы көчө болуп аталып бекитилсин;

2. Жогоруда көрсөтүлгөн көчөгө аты коюлган инсандын туугандарына жана  уул-кыздарына көчөнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана социалдык абалын жакшыртуу жагы жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышы жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевке милдеттендирилсин.

4.  Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

З.Курманалиев