Редакцияот 04.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 04-февралы № 73

Үч-Коргон айылдык аймагынын 2013-2017-жылдар аралыгында өнүгүү стратегиясына жана инвестициялык планга коомдук угуунун жыйынтыгы менен толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Үч-Коргон айылдык аймагынын 2013-2017-жылдар аралыгында өнүгүү стратегиясы жана инвестициялык планы боюнча 2016-жылдын 3-февралында өткөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алуу менен Үч-Коргон айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Үч-Коргон айыл аймагынын 2013-2017-жылдар аралыгында өнүгүү стратегиясы жана инвестициялык планына коомдук угуунун жыйынтыгынын негизинде толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин жана ишке ашырууга алынсын.

2.  Токтомду ишке ашыруу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Курманалиев