Редакцияот 25.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(V-шайланган ) №15-сессиясы

2016-жылдын 25-апрели № 15/2

Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин аймагындагы жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоолорго көчүрүүнүн жана кыштоолоруна көчүп келүүлөрүнүн мөөнөтүн белгилөө жөнүндө

Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышында каралган Сары-Булак айылдык округунун жыйналышы сунуштаган айылдык окуругунун аймагындагы жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоолорго көчүрүүнүн жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна көчүп келүүнү белгилөө жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.  Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин аймагында жайгашкан Сары-Булак, Сары-Күңгөй, Ак-Колот, Тогуз-Булак айылдарынын жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоолорго 2016-жылдын 10-майынан 20-май күнүнө чейин көчүп чыгуусуна жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна 10- сентиябрдан кийин көчүп келүүлөрү, Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа, Кара-Булак, Кызыл-Булак, айылдарынын жашоочулардын 2016-жылдын 15-майынан 20-май күнүнө чейин көчүп чыгуусу жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна 10-сентябрдан кийин көчүп келүүлөрү белгиленсин.

2.  Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин аймагындагы жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоорго белгиленген мөөнөтүндө кечигип көчкөндөргө жана жайкы жайлоолордон белгиленген мөөнөтүнөн мурда түшкөндөргө 5000 (беш) миң сом акчалай айып төлөөрү белгиленсин.

3.  Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин аймагындагы Кара-Булак айылынын Коруулдун белиндеги жайлоосуна өзүм билемдик менен көчүп чыгып алган атуулдарга 20000 мин (жыйырма мин ) сом өлчөмүндө акчалай айып төлөөлөрү белгиленсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин агрардык азык түлүк, жер жана жер ресрустары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Кенжебаев