Редакцияот 25.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(V-шайланган ) №15-сессиясы

2016-жылдын 25-апрели № 15/6

Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата каралган бюджетинин долбоорун бекитүү жана айыл айылдарда мусор таштандыларды таштаган жайларды белгилөө жөнүндө

Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышынаын күн тартибиндеги алтынчы маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз №15-сессиясынын жыйналышы:

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоору 205965 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.  Сары-Булак айыл Өкмөтүнө караштуу

I.   Сары-Күңгөй айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Таш-Коро участогунан 0,05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

II.  Ак-Колот айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Ак-Колот участогунан 0,05га жер аянтты бөлүнүп берилсин.

III. Сары-Булак айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Ак-Колот участогунан 0,15 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

IV. Тогуз-Булак айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Шоро участогунан 0,05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

V.  Конокбай-Талаа айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Кол-Аягу участогунан 0,10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

VI. Тегерек-Саз айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Тоо-Койчу участогунан 0,05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

VII. Кара-Булак айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Чаар-Арча участогунан 0,05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

VIII. Кызыл-Булак айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Кыя-Жол участогунан 0,05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Кенжебаев