Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI-чакырылышынын кезексиз 21- сессиясы
2018-жылдын 13-авгусуту № 21/4
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы «Алыш» жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы ишкерлерди жана жамааттарды колдоо боюнча «Алыш» жамаатынын уставын бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын 2018-жыл регионду өнүктүрүү жылына карата Алыш айылындагы ишкерлерди жана жамааттарды колдоо боюнча «Алыш» жамаатынын уставы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомду веб сайтка жарыялоо жана Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоого киргизүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж |
| Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 2018-жылдын 13-августтагы 21- сессиясынын 21/4 Токтому тиркеме |
1.Жамааттын толук аталышы:
мамлекеттик тилде - « АЛЫШ » жамааты;
расмий тилде - Жамаат (община) « АЛЫШ ».
2.« АЛЫШ » жамаатынын (мындан ары Жамаат) дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Алыш айылы, индекс:722902, И.Эсенаманов көчөсү №52.
1.Жамааттын иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө» Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле жамааттын уставдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Жамаат - коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
3.Жамаат өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, жалпы чогулушунун протоколунун жана уставынын негизинде аны юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттаган учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат.
4.Жамаат ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, жамааттын уставына ылайык ага таандык болгон финансы каражаттарына, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
5.Жамаат мүлктү сатып алууга, жамааттын менчигинде болгон мүлктү ижарага берүүгө, пайдаланууга, кайра берүүгө, күрөөлүккө коюуга, сатып өткөрүүгө, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө, жамааттын иштери менен байланышкан окуу семинарларын жана практикалык сабактарды уюштурууга жана өткөрүүтө, ошондой эле өзүнүн максаттарын жана милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
6. Жамааттын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
Жамааттар:
-мамлекеттик бийлик жана өзалдынча башкаруу органдарында өз мүчөлөрүнүн таламдарын билдиришет;