Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-августу № 23/1
Мамлекеттик кээ бир ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү алкагында түзүлгөн келишимдерди бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июнундагы №127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтомуна негиз;Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Жаңы-Жол айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерин бекитүү боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкүнбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V1-чакырылышынын кезексиз ХХ111-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Жаңы-Жол айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишими жактырылсын.
2. Ар бир мамлекеттик кызматтар менен түзүлгөн келишимдердин мыйзамдуулугун кароо,келишимдердин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкүнбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ш.Кадырматовго жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Э.Байышов |
| ||
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө 1. Келишимдин тараптары 1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Аксы райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан (мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген органдын толук аталышы) мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндөгү Жобонун негизинде иштеген Узаков Бакытбек Керимбаевич аркылуу жана экинчи тарабынан Аксырайонундагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн (шаарынын мэриясы) (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын толук аталышы) атынан Жаны-Жол айыл өкмөтү жөнүндөгү Жобонун негизинде иштеген Кубатбеков Ашымбай Момуналиевич (аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү. 2. Келишимдин шарттары 2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык, Аксы райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмү (мамлекеттик органдын аталышы) Жаны-Жол айыл өкмөтү (шаардын мэриясы) (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы), статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет: 1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; 2) жазгы сугат иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө; 3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурманы айдоо тууралуу; 4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө; 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; 6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; 7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө; 8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын иштетүүдөгү көлөмү жана баалары тууралуу; 9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө; “Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”. “2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт. 2.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Жаны-Жол айыл өкмөтү (шаардын мэриясы) (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы) жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кабыл алат. 2.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин республикалык бюджетинен борборлоштурулуп бөлүнөт. |