Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясы
2016-жылдын 16-ноябры № 24/5
"Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин түзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобосун жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө"
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле «Жаны-Жол айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын" жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин түзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобосу (№1тиркеме) жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси (№2 тиркеме) бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин тѳрагасынын орун басары Юсупов Султанга милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | Э.Байышов |
| Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин 16-ноябрь 2016-жылдагы №_24/5_ токтомуна №1 тиркеме |
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү жөнүндө бул жобо «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн «Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекиген Муниципалдык кызматтардын ррестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана ал Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү тартибин жана шарттарын аныктайт, жергиликтүү кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун, тактап айтканда, калктын социалдык аяр катмарларынын кызыкчылыктарын эсепке алууну камсыз кылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү кеңешинин (айылдык кеңештин) компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитет;
Муниципалдык кызматтардынстандарттарын, муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча административдик регламентти бекитет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
Арыздарды, сурамдарды (суроо-талаптарды), протоколдорду жана башка документтерди кабыл алуу, аларды жалпылоо аркылуу кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды түзөт;
Кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошууну демилгелейт;
Ушул Жобо менен каралган тартипке ылайык, муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында бир нече административдик-аймактык бирдикте көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтарды өз аймагына киргизүү тууралуу чечим кабыл алат;
Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды кароо комиссиясын түзүү тууралуу чечим кабыл алат;
Комиссиянын ишмердигин уюштурууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтөт;
Жергиликтүү коомчулуктун, тактап айтканда, калктын аяр катмарларынын, кызыкчылыктарын эсепке алуу үчүн иш-чараларды (фокус-топторду) өткөрөт;
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна жөнөтөт же комиссиянын корутунду бүтүмүнүн негизинде кошумча кызматтын демилгечилерине (арыз берүүчүлөргө) негизделген баш тартууну берет;