Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-апрели № 194-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу өлкөлөркөрсөткөн гуманитардык жардамды өз учурунда алуу жана максаттуу пайда-лануу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-рлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиКөз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу өлкөлөрдөн алынгангуманитардык жардамдын жүктөрүн Кыргыз Республикасында жооптуу алуучу-лар болуп аныкталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелербоюнча комитеттин Бажы кызматы департаменти ушул буйруктун 1-пунктундакөрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын жүктөрүн белгиленген тартипте бажы-лык тариздөөнү камсыз кылсын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарыныништери боюнча бөлүмүнө, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жараты-лышты пайдалануу бөлүмүнө жана социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев