Редакцияот 08.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 08-июлу № 4

 “Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Аттокурованын арызын кароо”

Ноокен айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVI-чакырылышынын ХХI-сессиясы Ноокен айыл Өкмөтүнө караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Ж.Аттокурованын арызын угуп талкуулап

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Ноокен айыл Өкмөтүнө караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын Ош Бишкек жолунан 525 кмде түндүктү карай Жапарова Чынар көчөсүнө 1км 410 м жолго шагыл төшөө,арыктарга лоток орнотуу,трансфарматор жана көчөлөргө столба орнотуп,түнкү жарыктандыруу үчүн документтерди даярдап проекттин өткөрүүгө руксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокен айыл Өкмөтүнүн орун басары Ш.Андаровко милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Төрөгелдиев