Редакцияот 04.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 04-августу № 4

Ноокен өкмөтүнүн тургуну Айтбаев Кыяздын арызын кароо жөнүндө

Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу Коминтерн айылындагы балдар өспүрүмдөрдү дене-тарбияга даярдоо клубун ачуу жөнөндө Айтбаев Кыяздын арызын канааттандыруу максатында Ноокен айылдык кеңешинин ХХVI-Чакырылышынын ХХII-сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1.  Коминтерн айылындагы спорт комплексинин базасында Ноокен балдар өспүрүмдөрдү дене-тарбияга даярдоо клубун ачууга уруксат берилсин.

2.  Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу Коминтерн айылындагы балдар өспүрүмдөрдү дене-тарбияга даярдоо клубунун уставы бекитилсин.

3.  Балдар өспүрүмдөрдү дене-тарбияга даярдоо клубун уюштуруу маселелерине көмөктөшүү Ноокен айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.

 

Төрага

М.Төрөгелдиев