Редакцияот 03.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 18-февралы № 37/2

Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин тактап-талкуулап

Сары-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетине ар бир малдын башына төмөндөгүдөй жайыт салыгы бекитилсин:

Жылкы (1 башка) - 50 сом.

Ири мүйүздүү мал (1 башка) - 50 сом.

Майда жандыкка (I башка) - Юсом.

2. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагына башка айыл өкмөттөрүнүн аймагынан алынып келинген малдарга ветеринардык көзөмөл коюлсун жана ар бир малдын башына төмөндөгүдөй жайыт салыгы бекитилсин:

Жылкы (1 башка) - 150 сом.

Ири мүйүздүү мал (1 башка) - 150 сом.

Майда жандыкка (1 башка) - 30 сом.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эсеновго жана ветеринар М.Турдакуновго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

С.Эсенбаев