Редакцияот 16.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 16-ноябры № 4

"Чон- Алыш" балдар бакчасынын айланасын курчоо жана Чоң-Алыш БСРин тазалоо боюнча

Ленинполь айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 16-ноябрындагы кезексиз сессиясында Бакай-Ата айыл аймагында үлүштүк дем берүүчү грантка даярдалган “Чоң-Алыш” балдар бакчасынын айланасын курчоо жана Чоң-Алыш БСРин тазалоо боюнча долбоорлордун өздүк салымын кароо боюнча сунушту карап чыгып Ленинполь айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бакай-Ата айыл аймагында үлүштүк дем берүүчү грантка даярдалган “Чоң-Алыш” балдар бакчасынын айланасын курчоо боюнча долбооруна 322 533 сом жана Чоң-Алыш БСРин тазалоо долбооруна 914 118 сомдук өздүк салымдар бекитилсин.

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана турак жай комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Ширдаков