Редакцияот 15.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII –чакырылышынын кезектүү №17 сессиясы

2018-жылдын 15-марты № 75

 

Бердике баатыр айыл аймагындагы «Беш-Таш» өзөнүндө «Шаник-Сай» коктусундагы «Ак-Мрамор» ташты чалгындоо иштери жөнүндө

 “Аска-Тоо-Таш” Жоопкерчили чектелген коомдун жетекчиси К.Ноорузбековдун 2018-жылдын 04-майындагы №10 катын карап чыгып, Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин V I I–чакырылышынын кезексиз №18 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бердике баатыр айыл аймагындагы «Беш-Таш» өзөнүндө «Шаник-Сай» коктусундагы «Ак-Мрамор» ташты чалгындоо иштерин аткарууга, жол салууга жана өлчүмүн (запас) аныктоо жүргүзүүгө мыйзам чегинде уруксат берүү жагы айыл өкмөткө сунушталсын.

2. «Ак-Мрамор» ташты чалгындоо иштерин жүргүзүүдө комиссияга жергиликтүү кеъештен адамдар кошулуу жагы каралсын.

3. Аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Алымбеков