Редакцияот 27.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 27-августу № 75/ХI-27

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобого ылайык Кочкорбаев айылдык Кенешинин 28.02.2018-жылда чыгарылган № 5/ III-27 токтомунун 1- пунктуна өзгөртүү киргизүү тууралуу угуп жана талкуулап,

Кочкорбаев айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамындагы кызмат ордунан бошотулган Абдрахманова Атыркул Чынгышбаевнанын ордуна жооптуу катчы Суюнтбекова Лира Эсенкуловна бекитилсин.

 

Төрага

Дж.Райкеев