Редакцияот 11.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XXIII-сессиясы

 

2018-жылдын 11-июну № 23/2

Ак-Муз айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерге корукчу, кароолчу алуу жөнүндө

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл чарба багытындагы дыйкандардын үлүш жерлерине эки корукчу, бир кароолчу келишимдин негизинде алынсын.

2. Ак-Муз айыл аймагынын корукчулардын ар бирине келишимдин негизинде бир айга 10 000 (он миң) сомдон төрт айга 80 000 (жексен миң) сом, бир кароолчуга бир айга 5 000 (беш миң) сом, төрт айга 20 000 (жыйырма миң) сом 2018-жылга төрт айга жалпы 100 000 (жүз миң) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп төлөнүп берилсин.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укукттук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага

А. Айыпов