Редакцияот 07.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылыштынын XXIV-сессиясы

 

2018-жылдын 7-августу № 24/3

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен экскаватор алуу жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын муниципалдык ишкананын директору Ч. Эсенгелдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айылдык Кеңешинин 9-февраль 2018-жылдагы № 16/1 токому менен жергиликтүү бюджеттен погрузчик алуу үчүн бөлүнгөн 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сомго экскаватор сатып алынсын;

2. Экскаватордун сапатын карап сатып алууга төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:

-А. Айыпов-айылдык Кеңештин төрагасы;

-Иса уулу Нурланбек-айыл өкмөтүнүн башчысы;

-Э. Касканов-айылдык Кенештин депутаты;

- А. Абдырахманов-айылдык Кенештин депутаты;

-А. Оторбаев-айыл тургуну;

-Ү. Өмүралиев-айыл тургуну;

-А. Калчаев-айыл тургуну;

-У. Мокешов-айыл тургуну;

-Т. Дербишалиев-муниципалдык ишкананын кызматкери;

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-

 muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын

 Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн

 Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн

 башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага

А. Айыпов