Редакцияот 31.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XV-сессиясы

 

2018-жылдын 31-июлу № 39

Дара айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын аткарылышы жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн статист-экономисти К.Курбанбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын аткарылышы канаттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Султанов