Редакцияот 09.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X-сессиясы

 

2018-жылдын 9-августу № 9

Муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү жөнүндө

Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларына ылайык түзүлгөн муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин угуп жана талкуулап, Бешик-Жон айылдык кеңеш:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилеринин реестри бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Ушул токтом жана Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин башкаруу тартиби жөнүндө жобону жана реестри Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн www. Beshikjon.kg  веб сайтына жарыялансын

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бешик-Жон айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. А. Масабиров