Редакцияот 15.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Курманбек айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

 

2018-жылдын 15-майы № 3

Калмак-Кырчын айылынын тургундарынын арызы жөнүндө

Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын жашоочуларынын кириш № кол-20 сандуу 15.05.2018-жылдагы айылдык кеңешке жазган арызын карап талкуулап, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калмак-Кырчын айылындагы № 0251-контурдагы көрүстөндун жерин айрым тургундар өз алдынча пайдаланып жаткандыктан Калмак-Кырчын айылындагы 3, 30 га жер аянты көрүстөн үчүн калтырылсын.

2. Калмак-Кырчын айылындагы көрүстөндүн алгачкы иш кагаздарын даярдап берүү жагы жер адис А.Боронбаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

Ч. Тайгараев