Редакцияот 30.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Алга айылдык кенешинин V1-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы

 

2018-жылдын 30-октябры №24

Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2018-жылдын 9-айында аткарылышы, бюждети өзгөртүулөр киргизүү жөнүндө

Алга айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Хамралиевке Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жанан чыгашалар бөлүмүнүн 2018-жылдын 9-айында аткарылышы бюджетке өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн 2018-жылдын 9-айдыгы аткарылуусу атайын каражаттар менен 8597.8 мин сом чыгашалар болугунун аткарылуусу 6417.7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгүнө 2018-жылда кошумча түшүүсү күтүлүп жаткан кирешелер эсеьинен Алга айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетине тиешелуу өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ш. Акбаров