Редакцияот 01.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2018-жылдын 1-июну №4/3

Большевик айылынын тургуну Солтобаев Максатбектин арызы жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши жогорудагылдарды угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КРнын жер кодексинин 13 ст., 32ст., 73- статьясынын 2- пункутуна ылайык жана Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 8-май 2018-жылдагы № 54 аныктамасынын негизинде «Кыргызмамжердолбоор» институту тарабынан жазылган шифр 9531/4 1994-жылы жазалган Баш-Кайынды совхозунун жерди инвентаризациялоо материалы боюнча төмөндөгүдөй № 811 контур бузулган курулуштар (развал) сарай салуу үчүн 0,10 га жер аянтын Большевик айылынын тургуну Солтобаев Максатбекке жеке менчикке берүүгө уруксат берүү жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Бокоев