Редакцияот 04.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз VI сессиясы

 

2017-жылдын 4-апрели № VI/3

Байгөнчөк айылдык клубунун имаратынан убактылуу пайдаланууга «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Байгөнчөк айылдык клубунун имаратынан убактылуу пайдаланууга «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына өткөрүп берүүнү карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 19.12. 2016-жылындагы №18-145 протоколуна жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 05.01. 2017-жылдагы №04-б буйругуна ылайык Байгөнчөк айылдык клубунан 20 (жыйырма) метр кв. аянтын «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.

2. Байгөнчөк айылдык клубунун тийиштүү бөлмөсүн убактылуу пайдаланууга «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына өткөрүп берүү жагы Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы Ы.Эсенгуловго тапшырылсын.

 

Төрага

Р. Майрыкеева