Редакцияот 20.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2018-жылдын 20-апрели № 2

Жайыт комитетинин погрузчик тракторунун иштөө акысын бекитүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдыхалилов погрузчик тракторунун иштөө акысы жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин погрузчик тракторунун иштөө акысы маторунун иштөө саатына төлөнөрү белгиленсин.

2. Жайыт комитетинин погрузчик тракторунун иштөө акысы бир саатына 1300 сом болуп бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин Жер, турак жай жана жайытбоюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ы.Ж. Эрмаматов