Редакцияот 02.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашка-Суу айылдык аймактык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы

 

2018-жылдын 02-августу № 2

Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартуу жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы К. Жалиловдун 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бѳлүгүн кыскартуу жѳнүндѳгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеӊешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Суу айылдык аймагынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бѳлүгү 293,3 миӊ сомго кыскартылсын.

-башка турак жай жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн 2222

статьясынан 259,0 миӊ сом.

 - маданият боюнча башка иш чаралардын 2215 статьясынан 34,3 миӊ сом

Бардыгы - 293,3 (эки жүз токсон үч миӊ үч жүз) миӊ сом

2. Токтомдун аткарылышыны кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеӊештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ы.Ж. Эрмаматов