Редакцияот 03.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

 

2018-жылдын 03-октябры № 1

Депутаттарды чакыруу жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2018-жылдын 03-октябрь күнү саат 9.00 гө айыл аймактык кеңешинин депутаттарын Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2018-жылдын 03-октябрь күнү саат 900 гө айыл аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакырылсын

2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу Айыл аймагынын жооптуу катчысы А.Т.Кудайбергенова, айыл башчыларына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Укук тартиби , мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ы. Ж. Эрмаматов