Редакцияот 01.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2018-жылдын 01-октябры № 82

Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан 2018-жылга которулуп келген каражаттарды жумшоо жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2018-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражатты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.

 Спорт зал жылытуу системасына -200,0

 Камыш-Башы (күрөш зал) жылытуу системасы -100,0

 Кол-Төр каналына документация (АПУ, ИТУ,ПСД жасатууга-100,0

 Борбордук жолдорду жарыктандырууга (АПУ,ИТУ, ПСД) жасатууга-100,0

 Чеч-Дөбө, Опоз айылдарына таза суу чыгарууга – 130,0

 Опоз участогуна электр жабдыктарын сатып алуу- 1000,0

 А.Ибраимов мектебине кошумча класстык бөлмөлөрдү жасатууга -65,0

 Баардыгы: -1695,0

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2018-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражаттарды өз багытында жумшоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго жана финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э. Сагынбеков