Редакцияот 02.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

XXIX- чакырылышы кезектеги 7-сессиясы

 

2018-жылдын 02-октябры № 5

Шаардын аймагындагы мектептерде 2017-2018-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө

Шаардын аймагындагы мектептерде 2017-2018-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX- чакырылышынын кезектеги 7- cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардын аймагындагы мектептерде 2017-2018-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдун маалыматы эске алынсын.

2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кундөн тартып күчүнө кирсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Юлдашев) жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Сансызбаев