Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын Кезектеги ХXVI сессиясы

 

2016-жылдын 19-февралы № 26-6

Ат-Башы райондук токой чарба мекемесинин 2016-жылдын 15-январындагы жалпы чогулушунун №1 токтому жонундо

Ат-Башы райондук токой чарба мекемесинин 2016-жылдын 15-январындагы жалпы чогулушунун №1 токтомун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы райондук токой чарба мекемесинин жалпы жамаатынын 2016-жылдын 15-январындагы №1 токтому колдоого алынып, Ат-Башы райондук токой чарба мекемесине анын биринчи жетекчиси Байгазаков Чоробектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом айыл окмотунун аппаратынан каттоодон откорулуп, «Ат-Башы жанылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу учун Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жонотулсун.

 

Төрага

К. Айдыралиев