Редакцияот 03.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Туу айылдык кенешинин кезектеги алтынчы сессиясы

 

2018-жылдын 03-апрели №6-7

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун  негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

Султанов Абдурасул– Талаа-Булак айылынын тургуну, эмгектин ардагери;

Жээнбекова Кундуз– Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, Ы.Чанаков атындагы орто мектептин мугалими;

Умаркулова Чолпонай– Ак-Баш айылынын тургуну, Э.Торобаев атындагы орто мектептин мугалими;

Келдибеков Ороз– Ак-Баш айылынын тургуну, Тез жардам бөлүмүнүн фельдшери;

Сыргабаев Тешебай– Ак-Баш айылынын тургуну, эмгектин ардагери;

Давлятова Мыскал– Ак-Баш айылынын тургуну, Э.Торобаев атындагы орто мектептин мугалими;

Чанакова Чачтибек– Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, Ы.Чанаков атындагы орто мектептин мугалими;

2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Маканбаев