Редакцияот 20.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХV кезектеги отуруму

 

2018-жылдын 20-апрели №61

Куршаб айыл аймагынын тургуну Жакыпов Дурусбектин арызы жөнүндө

Куршаб айыл өкмөтүнүн тургуну Жакыпов Дурусбектин 2018-жыл 26-февралын- дагы арызын, 28.02.2018-жылдагы көчө тургундарынын №1- протоколун Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХV кезектеги сессиясы талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн тургундарынын 2018-жылдын 28-февраль күнү жазган арызы канааттандырылсын.

2. Куршаб айыл өкмөтүнүн А. Камчыбеков,К. Бекмурзаев көчөлөрүнө жарыш Парпиев, М. Досматов көчөлөрүн бириктирүүчү жаңы ачылган көчөсүнө маркум Жакыпов Абдираим ысымы ыйгарылсын

3. Көчөнү таза, оң абалда кармоо, шагыл төктүрүү, өткөөлдөрдү оңдоо, көчө белгилерин орнотуу,жарыктандырууну камсыздоо маркумдун балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.

4. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Сабытбек уулу Бактыяр