Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели № 64
Жайыт комитетинин 2017-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету, 2018-жыл үчүн бюджетин жана өнүгүү планын жана мал жандыктар үчүн жайлоого кетүү, келүү графигин, тарифтик өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Куршаб айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету, 2018-жыл үчүн бюджетин, өнүгүү планын жана мал жандыктар үчүн жайлоого кетүү, келүү графигин тарифтик өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени угуп, карап талкуулап чыгып КР жайыт мыйзамынын негизинде Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХV кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2017-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Малдарды алыскы жайлоого көчүрүү убактысы кооптуу учурлар жаралбаса 25-апрелден май айынын бешине чейин,көчүп келүү сентябрь айынын аягынан баштап белгиленсин, жайыт комитетине жана айыл башчыларына алыскы жайытка көчүрүү жана көчүрүп келүү графигин көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетинин жайыт билет баасыКуршаб айыл өкмөтүндөгү: Жылкыга- 80 сом . Кара малга- 80 сом. Кой, эчки- 18 сом жайыт асылдуулугун, келечектүүлүгүн камсыз кылуу максатында Куршаб айыл өкмөтүнүн жайытына сырттан келген мал жандыктар үчүн жайыт билети эки эсе өлчөмдө бекитилсин.
4. Жайыт инфраструктурасын ( жайыт жолдорун, көпүрөлөрүн ж.б.) жакшыртуу боюнча инвестиция тартуу, жайыт жерлериндеги жайыт өсүмдүктөрүнүн тоют потенциалын жогорулатуу боюнча жайыт комитети иш план иштеп чыксын жана аткаруу жагы милдеттендирилсин.
5. Жайыт комитетинин 2018-жылга мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыт башкаруу иш планы бекитилсин.(№3-тиркеме)
6. 2018-жылы Куршаб айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жалпы киреше чыгаша бөлүгү 428200 сом өлчөмүндө №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге эмгек акы соцфондго чегерүүгө сунушталсын
8. Казына системасын четтеп өтүү менен каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.
9. Жайыт комитетинин 2018-2020-жылга мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыт башкаруу иш планы бекитилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат, жайыт, финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |
«Бекитемин»
Куршаб айыл аймагынын Жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын 2018-жылдын
“ ”
сессиясынын чакырылышы № чечими
Куршаб айылдык кенешинин
торагасы ____________ Сабытбек уулу Бактияр
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча Куршаб айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018 жылга карата жамааттык планы
Куршаб айылы 2018-жыл
Мазмуну
Киришуу___________________________________________________________________2
Куршаб АА жайгашкан аймагы тууралуу жалпы муноздомолор_________________ 3
Куршаб ААнын социалдык-экономикалык муноздомосу________________________
Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жонундо кыскача маалымат____________________
Жалпы малдын саны тууралуу маалымат_________________________________________
Тоют менен камсыздандыруу___________________________________________________
Жайыттардын сыйымдуулугун аныктоо__________________________________________
Жайыт пайдалануу планы______________________________________________________
Малдардын ден-соолугун коргоо боюнча иш план_________________________________
Гендердик тенчилик программасы______________________________________________
Жайыттарды башкаруудагы койгойлор жана муктаждыктар_________________________
Преспективалык финансылык инвестициялык план________________________________
Жайыт комитетинин 2017-жылга бюджети_______________________________________
Жайыт комитетинин операциялык планы________________________________________
Жайыт башкаруу пландарынын аткарылышына мониторинг________________________
Ички тартип эрежелери_______________________________________________________
Тиркеме 1___________________________________________________________________
Типкеме 2___________________________________________________________________
Кыскартуулар
ИММ – ири мүйүздүү мал
МММ – майда мүйүздүү мал
ШМБ – шарттуу мал башы
ЖПБ – Жайыт пайдалануучулар бирикмеси
ЖК – Жайыт комитети
ТЧ – Токой чарбасы
АА – Айыл аймагы
АӨ – Айыл Өкмөтү
АК – Айылдык кеңеш
Киришүү
Куршаб Айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан 2018-2022-жылдарга иштелип чыккан жайыт пайдалануунун жамааттык планы – ушул ЖК караштуу жайыт участкаларын жакшыртуунун негизги иш пландарын жүзөгө ашырууну карап чыгат.
Куршаб аймагынын жайгашкан аймагы тууралуу жалпы мүнөздөмөлөр
СС айыл аймагы:
Республиканын борборунан Областтын борборунан Райондун борборунан Аэропорт Темир жол | 627 км 40 км 12 км 50км 30 км |
Куршаб ААнын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
Таблица 1
№ | Корсоткучтор | Олчоо бирдиги | АА стат.маалымат боюнча | СПУПРЖ бюджетин тузуу боюнча маалымат | Айрыма | |
+,- | ||||||
1 | Калктын саны | адам | 22624 | 22624 | 0 | |
2 | Тутундордун саны | тутун | 3705 | 3705 | 0 | |
3 | АА жалпы территориясы | га | 26800 | 26800 | 0 | |
4 | Эшик алды | гa | 117 | 117 | 0 | |
5 | Жайыттын жалпы аянты: | гa | 5489 | 5489 | 0 | |
анын ичинен |
| |||||
| Кышкы жайыт | гa | 0 | 0 |
| |
| Жазгы-кузгу жайыт | гa | 2447 | 2447 | 0 | |
| Жайкы жайыт | гa | 3042 | 3042 | 0 | |
| Бардыгы |
| 5489 | 5489 | 0 | |
11 | Айдоо жерлердин жалпы аянты: анын ичинен | га | 4612 | 4612 | 0 | |
12 | Буудай | гa | 1150 | 1150 | 0 | |
13 | Арпа | гa | 640 | 640 | 0 | |
14 | Эспарцет/Беде | гa | 857 | 857 | 0 | |
15 | Табигый чоп | гa | 1495 | 1495 | 0 | |
16 | Жугору | га | 470 | 470 | 0 | |
17 | Шалы | га | 0 | 0 | 0 | |
19 | Башка осумдуктор | га | 0 | 0 | 0 | |
17 | Бодо мал | баш | 5150 | 5150 | 0 | |
19 | Кой/эчки | баш | 16138 | 16138 | 0 | |
20 | Жылкы | баш | 1266 | 1266 | 0 | |
|
|
|
|
|
| |
Жаюу кундору | ||||||
Жаз | 61 | |||||
Жай | 92 | |||||
Куз | 76 | |||||
Кыш(Колдо багуу) | 136 | |||||
Бардыгы | 365 | |||||