Редакцияот 15.08.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 15-августу № 2

“Айыл аймагына бала бакча ачуу үчүн уруксат берүү жөнүндө”.

 Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырма бешинчи сессиясы, айыл аймагындагы эски конторанын 2 кабаттуу имаратын “Мерсико” фонду аркылуу долбоор жазып, бала бакча ачуу щчщн айтылган маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл аймагындагы эски конторанын 2 кабаттуу имаратына “Мерсико” фонду аркылуу долбоор жазып, бала бакча ачуу үчүн уруксат берилсин.
  2. Долбоорду жазып, ишке ашыруу айылдын тургуну Бокубаева Тамарага милдеттендирилсин.
  3. Долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымды каржылоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Кулукеев