Редакцияот 15.08.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 15-августу № 3

“К.Жаныбеков көчөсүнө түнкү жарыктарды орнотуу жөнүндө”.

Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырма бешинчи сессиясы, К.Жаныбеков көчөсүнө түнкү жарык берүүчү лампаларды орнотуу жөнүндөгү айтылган маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. К.Жаныбеков көчөсүнө түнкү жарыктар орнотулсун.
  2. Түнкү жарык берүүгө кеткен электр энергиясынын чыгымдары айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
  3. Түнкү жарык берүүчү лампаларды орнотуу, лампалар күйүп кеткен учурда кайрадан алмаштыруу, кезектеги ремонту ошол көчөнүн жашоочулары тарабынан каржылансын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Кулукеев