Редакцияот 15.08.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 15-августу № 4

“Темиралиева Салтанаттын үй-бүлөсүнө үлүшкө жер берүү жөнүндө”

Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырма бешинчи сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Темиралиева Салтанаттын үй-бүлөсүнө үлүш жер берүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн келген токтомго байланыштуу 4 (төрт) жанга тиешелүү 1,0 га үлүш жери №532- жер контурунан бөлүнүп берилсин, 3(щч) жылдан кийин 2015-жылдын күз мезгилинде КБФ нын жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөн кезде берилсин.
  2. Жерге жеке менчик укугу тууралу күбөлүгүн даярдап берүү жагы Бакай-Ата райондук Мамкаттоосунан суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жуктолсун.

 

Төрага

К.Кулукеев